Кош келдиң, бөбөк!
Урматтуу Ата-энелер, кесиптештер жана биздин мотурайган бөбөктөр! Сиздерди 2024-2025-жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктайм! Балдар бар биздин жашоо гүлдүү жана шандуу, биздин бала бакчада жана сиздердин үйүнүздөрдө ар дайым балдардын күлкүсү жанырып турсун!
Жаны окуу жылынын башталышында балдарды шандуу тосуп алуу менен «Келгиле таанышабыз», «Менин досум» аттуу таанышуу сабактары өтүлдү. Айрым балдар учун жашоосундагы биринчи билим-тарбия алуунун кадамы болуп, тартынып жатышты. Тайманбаган, жүрөгү курч, жан дүйнөсү таза бөбөктөр толкундануу менен эжекелердин ар бир кыймылына, жагымдуу сөздөрүнө, мактоосуна кубана бала бакча кандай экен? деген суроого кээ бири кубанып, кээ бири көзүнүн жашын тегеретип турушту. Буюрса ал көз жаштар кубанычтын, келечектеги мыкты ийгиликтердин, жетишкендиктердин тамчылары деп ниет кылалы.
Комментарии