«ЭНЕ ТИЛИМ-КЫРГЫЗ ТИЛ!
Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынасы. Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз. Бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 35 жыл толуп отурат. Мамлекеттик тил күнүбүз куттуу болсун!
«Перизат» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Эне тилим -кыргыз тил» аталышында майрамдык иш-чара уюштурулду.
Комментарии