«Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору»демилгесин ишке ашыруу
2024-жылдын 29-майында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2023-жылдын “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” сыйлоо аземи жана педагогдору үчүн методикалык жардам көрсөтүү сессиялары уюштурулду. Иш-чарада “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” 2024-жылкы сезонун баштоого даярдык көрүү максатында педагогдор үчүн “Монтессори педагогикасын Жайлоо өнүгүү борборлорунун шартында колдонулушу” темасында Кыргызстандагы биринчилерден болгон монтессори педагогогикасы боюнча мугалим, балдар психологу Чынара Термечикова жана “Семья” аттуу монтессори бала бакчасынын жетекчиси Бактыгүл Алиева маалыматтык сессия өтүштү. Сессияда жайлоо шартында Монтессори педагогикасына ылайык “Күнүмдүк турмуштагы көнүгүүлөр”, “Сенсорикалык чөйрө”, “Тил чөйрөсү” тууралуу кенен айтышып, практикада колдонулушун көрсөтүп беришти.Ошондой эле РПККЖ КД институтунун Билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын ага окутуучусу Назира Сагынбаева “Ата-энелерди балдарды өнүктүрүү процессине тартуу” темасында маалымат менен бөлүштү. Сагынбаеванын сессиясы кызыктуу презентация менен коштолуп, педагогдор менен талкуу болду. И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын жетекчиси Элмира Тентиева Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда интерактивдүү методдор менен иш алып баруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, балдардын өз ара байланышуу көндүмдөрүн өнүктүргөн көнүгүүлөрдү көрсөттү. Ошондой эле үй шартындагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өнүктүрүүчү усулдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүштү.Педагогдор көрсөтүлгөн көнүүгүлөрдү өздөрү аткарып көрүп, пайдалуу жана кызыктуу экенин билдиришти.
Тогуз-Торо районунан 4 бала бакчанын жетекчилери тажрыйба алмашуу максатында барып катышып келдик. Бизге жакшы мотивация болду.
Комментарии