Улуттун жаркын келечеги!
1-июнь Эл аралык балдарды коргоонун күнүнө карата «Улуттун жаркын келечеги» республикалык фестивалын өткөрүү жөнүндөгү 2024-жылдын 14-майындагы №748/1 буйругуна, райондук билим берүү бөлүмүнүн 23-май 2024-жылдагы № 01-10-445 чыгыш сандуу телефонограммасына ылайык атайын тиркеменин негизинде төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды. Бала бакчада «Асманы бүркөлбөсүн балалыктын» аттуу майрамдык балдардын оюн-зоок иш чарасы болуп өттү. Музыкант жана тарбиячылар тарабынан балдардын өз өнөрлөрү келген ата-энелерге тартууланды. «Бактылуу балалык» темасында балдарга кызыктуу оюндар уюштурулуп, клоундун белектери берилди.
Айылдын паркына сейилдөөгө чыгышып, айылдык китепканага конокко барышты. Футбол ойногон аянтчага футбол ойноп, балмуздак жеп эс алышты. Балдар өз алдынча ар кандай сүрөттөрдү тартып, ырдап бийлеп чер жазышты.
Комментарии