«Таза колдор -таза жашоо»
Кыргыз Республикасынын “ Коомдук Саламаттык Сактоо мыйзамын” аткаруу учун Мите ооруларын алдын алууда “Кир кол жугуштуу оорунун булагы”, “ Мите ооруларынан кантип сактанабыз” деген бир айлык акциянын негизинде “Перизат” бала бакчасында атайын иш план тузулуп, анын негизинде мед.айым тарабынан “Колду туура жууйбуз” деген темада кол жуу боюнча мастер класс, санитардык бурчка маалыматтар илинип, тазалык боюнча сабак отулду. Жумуш-кызматкерлерге оорунун булагы колдун таза эместигинен келип чыгары тууралуу маалыматтар берилип, тушундуруу иштери жургузулду.
Тарбиялануучуларга колду жуунун эрежелери боюнча тарбиячылар тарабынан сабактар отулду. Дубал гезити чыгарылды.
Комментарии