«STEAM-учурдун жана келечектин билими»
2025-жылдын 24-январь күнү «STEAM-учурдун жана келечектин билими» деген темада райондук деңгээлде бала бакчалар арасында семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты:
Балдарды заман талабына ылайык келген ыкмаларды колдонуу менен кыргыздын улуттук нукура баалуулуктары менен тааныштыруу, турмушта колдоно билүүгө көнүктүрүү.
Сабактарды оюн аркылуу өнүктүрүү жана жандуу, жансыз жаратылышка тажрыйба жүргүзүүгө үйрөтүү.
STEAM билим берүүгө багытталган сабактар, мастер класстар тарбиячылар тарабынан өтүлдү. STEM учурдун талабында бала бакчада окутулуп жаткандыктан бала бакчада жогорку деңгээлде, тарбиячы К.Кемелканова «Сабактарга саякат» сабагында боекторго эксперимент жүргүздү.
Наристе (480 с) программасында 5,5-6 жаштагы балдарды окутуудагы ыкмалар боюнча N8 М.Абдыжапаров атындагы жббом нин башт.кл.мугалими М.Бозжигитова мастер класс көрсөттү.
Комментарии