СПОРТ -ден соолуктун булагы!
Спорт адамдарды бириктирет, алардын байланыштарын бекемдейт жана инсандар аралык мамилелерди өрчүтөт. Ал эми футбол оюну кичинекей балдардын бири-бирин дагы жакшыраак таанып, жалпы кызыкчылыктарды жана максаттарды табууга эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Балдар чуркоо аркылуу дене тузулушун, дем алуу органдарын чындашат. Сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү үчүн милдеттүү түрдө спорт залга баруунун кажети жок. Ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү бала бакчадан жасап, же күнүгө таң эрте чуркап гимнастиканы адатка айлантса пайдасы чоң. Эң негизгиси — бала кыймылдап турушу керек, айрыкча кыймыл аркылуу бала ар тараптуу өнүгөт.
Бул күнү бала бакчанын балдары тарбиячы эжекелери менен биргеликте айылдагы футбол талаасына барып ойноп, көңүл ачып келишти.
Комментарии