Сарык оорусунан сактаналы!
Суу чечек деген эмне?
Суу Чечек — вирус козгоочу катуу кармаган оору. Көбүнчө 10 жашка чейинки балдар ооруйт; чоң кишилерде сейрек кездешет. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Оорулуу жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, жугузат. Инкубация мезгили 11ден 21 күнгө чейин (көбүнчө 14 күн). Оору башталганда эт ысыйт, денеге кызыл бүдүрлөр чыгып, алар тунук суюктукка толуп ыйлаакчага айланат, кычышат. 3—5 күндөн кийин жаңы ыйлаакча чыкпай калат, андан кийин ыйлаакчалар кургап, карттанып, 1—3 жумада түшөт. Кээде оорулуунун эти ысыбайт. Оорулуу инкубация мезгилинин акыркы күнүнөн ыйлаакча пайда болгондон 9-күнүнө чейин ооруну жугузат. Гепатит А — Аталган дарт мурун Боткин оорусу, сарык деп аталчу.
Гепатиттин калган түрлөрүнүн ичинен эң жеңил түрү болуп саналат.
Оорунун белгилери
- Дене табы көтөрүлөт (37-38 градус).
- Шалдырайт, баш ооруйт.
- Мурун бүтөт.
- Тамакка табит жоголот.
- Көңүл айланат, кусат.
- Боор менен көк боор чоңоёт.
- Зааранын өңү кочкул күрөң тартып, заңдын агарышы.
Дене саргаят.
Дененин саргайышы оору белгилери билингенден кийин 4-7 күн ичинде башталат. Тилдин асты, таңдай, көздүн агы, тери саргайып, 1-2 апта туруп анан жоголот. Чоңоюп кеткен боор, көк боор калыпка келип, ооруган адам жеңилдейт.
Бала бакчанын мед.айым С.Карасартова учурдагы жүрүп жаткан ар кандай инфекциялык жугуштуу оорулар, алардын ичинен суу чечек жана сарык б.а гепатит А оорусун алдын алуучу аракеттер боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Комментарии