Өрт коопсуздугун бирге сактайлы!
Өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында «Өрт коопсуздугун сактайбыз» деген темада ортоңку тайпанын тарбиячысы Замирбек кызы Наргиза тарабынан балдарга көрсөтмөлүү сабак өтүлдү. Өрттүн келип чыгуу себептерин, алдын алуу, өрт чыкканда эмне кылуу керек, коопсуздук эрежелерин кантип сактайбыз? деген суроолорго балдар үчүн түшүндүрмө берди. Ширеңке менен ойногон өтө коркунучтуу, ток чубалгыларын өз алдынча чукулоо, тамак-аш бышырам деп аракет кылуу балдардын иши эмес экенин тарбиялануучуларга кеңири көрсөтмөлүү түшүндүрдү.
Комментарии