Мугалим-бул сыймыктуу жана маанилүү кесип!
21-кылымда, ар түрдүү билим тармактары көбөйгөндөн көбөйүп, илим чоң-чоң кадамдар менен алга карай умтулуп, мугалим кесиби коомду жана дүйнөнү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кесиби болуп калды. Мугалимдер бизди бала-бакчадан баштап өмүрүбүздүн акырына чейин коштоп жүрөт десек ашык болбос. Албетте мугалимдин коомдогу орду абдан маанилүү жана бийик! Андыктан, Урматтуу кесиптеш, Сиз эң сыйлуу, эң ардактуу, эң зарыл, ошол эле учурда эң татаал кесипти аркалап келүүдөсүз. Өтө жоопкерчиликтүү болгон адам тарбиялоо милдетин аткарып жатасыз. Наристелердин сезимине гүл өстүрүп, жүрөгүнө ыйман, мээсине билим менен акылды сиңирүүдөсүз. Мекенге болгон сүйүүнү, адамдарга болгон урмат-сыйды, адамгерчиликти, аруулукту, койчу деги, бардык жакшылыктарды алардын жан дүйнөсүнө үрөн кылып сээп жатасыз. Бул эмгек жылдан жылга, керек болсо кылымга жемишин берүүчү, кызмат кылуучу, айтылып жүрүүчү эмгек. Мен Сиз менен кесиптеш болгонума өтө сыймыктанам жана Сиздей баланы сүйгөн, кесибин сүйгөн, эмгекти сүйгөн мугалим менен мактанам. Түйшүктүү кесипте түмөндөгөн ийгиликтер коштосун. Сизге Алланын мээрими төгүлүп турсун. Айткан акылыныз, берген билимиңиз, сүйлөгөн сөзүңүз окуучулар үчүн жугумдуу болсун. Бар болунуз!
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 5-октябрь мугалимдер күнүнө арналган чакан концерттик программа уюштурулуп , башчы Б.Т.Талайбековдун куттуктоо сөзү айтылды. Андан соң билим берүү тармагына салым кошкон педагогдорго жана кызматкерлерге Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар, Дипломдор тапшырылды.
«Перизат» мектепке чейинки билим берүү уюмунан да өз ишинин мыктылары сыйланышты. Сыйлыгыныздар кут болсун кесиптештер!
Комментарии