Конструкциялоо сабагы
Конструкцияны биз куруу же тузуу, жасоо деп билебиз. түзүлүш, бөлүкчөлөрдүн өз ара жайгашуусу, кандайдыр бир курулуштун белгиси ж.б. Техникада – машина бөлүктөрүнүн өз ара жайгашышы, бириктирүү жолдору, таасир кылуучулары жана айрым бөлүктөрдүн кайсы материалдан жасалышы алдын ала каралат. Курулушта болсо жаңы Конструкцияны долбоорлоодо бекемдөө жана өлчөмдөн ашып ийилип кетпөөсү үчүн ар кандай ыкма колдонулат. Мында туруктуу же убактылуу бекемдөөчү тирөөчтөрдү пайдалануу, негизги жана жардамчы устундарды коюу, устундардын туура кесилиш аянтын чоңойтуу сыяктуу. Бала бакчадагы конструкция сабагына дээрлик бардык балдар кызыгат. Себеби, балдар бир нерсени өздөрүнүн колдору менен жасап, куруп, кураганды жакшы көрөт эмеспи. Бул сабак баланын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, кыймыл аракетин калыптандырат.
Комментарии