Чүкө оюнунун балдарга пайдасы зор
Бизге чүкө оюндарынын көптөгөн түрү белгилүү. Алар негизинен экиге бөлүнөт: отуруп ойнолуучу оюндар (чүкө калчамай) жана басып жүрүп ойнолуучу оюндар (чүкө атмай). Биринчисине упай, кан таламай, канымдат, ачакей-жумакей, чүкө өкчөмөй ж.б.; экинчисине ордо, үч тапан, жедирмек, келиш, кыйыр, опол, ж.б. кирет. Чүкө оюндарынын төрөсү — ордо. Ордонун үйдө — кийиз үстүндө ойнолгон түрү упай. Бул оюндар кыргыз элине гана таандык.
Бүгүн биздин бала бакчада да балдарга чүкө менен ойнолуучу оюндар, алардын пайдасы, кантип ойнолоорун тарбиячы Табылды кызы Насийкат маалымат берип, упай, чүкө таламай, чүкө менен саноо оюндарын ойнотту.
Комментарии