БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ!
«Перизат» мектепке чейинки билим берүү уюмунда күз майрамына карата «Берекелуу алтын күз», «Жемиштердин майрамы» деген темаларда ачык сабак, иш чаралар өткөрүлдү. Ортонку тайпанын тарбиячысы Замирбек кызы Наргиза ата-энелердин жардамы менен жер-жемиштердин көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмөдө жемиштердин мөмөсүнөн, жалбырактардан ар кандай жаныбарлар, буюмдарды, өсүмдүктөрдү жасап, кайра ал жемиштер кайда өсөт, даамы, түсү кандай экенин балдар айтып беришти, оюн ойнотту. Андан сырткары кенже тайпанын тарбиялануучулары «Бүлдүркөн» ырына бийлеп беришти.
Ортонку тайпанын тарбиячысы Кыял Кемелканова сөз өстүрүү сабагынан «Жер-жемиштер майрамы» деген аталышта ачык сабак отту. Балдарга жагымдуу маанай тузуу менен баштап, азыр кайсы мезгил, бак-дарактар кандай өңгө айланды, эмне үчүн жемиштер күзүндө бышат, кайсы мезгилди жакшы көрөсүнөр деген суроолорго жооп алды. Балдар жер-жемиштер жөнүндө ырларын айтып, “Жемишти тап” оюнун ойношту. Сабактын аягында баалоо иретинде алма таратып берди.
Музыкалык жетекчи Табылды кызы Насийкат орто тайпага “Берекелүү алтын күз” темасындагы утренник даярдап өттү. Замирбек кызы Наргиза баланын жаш өзгөчөлүгүнө, жөндөмүнө жараша тапшырма берип, көрсөтмө куралга басым жасап , бөлмөнүн жасалгасын даярдап иш чара өтүп берди. Ал эми бөбөктөрдүн көркүн ата-энелери өз өнөрлөрү менен жасалгалап кийинткен ар кандай жемиштердин элесин түшүрүп тигип берген кийимдер ачты.
Комментарии