«АК ИЛБИРС КӨРСӨҢ АТПАЙ ЖҮР!
23-октябрь тоо экосистеманын туруктуулугунун жана саламаттыгынын белгиси болгон Бүткүл дүйнөлүк “Ак илбирсти коргоо күнү”. 2013-жылдын ушул күнү ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, анда бул жаныбардын жашаган чөйрөсү болгон 12 мамлекет ак илбирстерге жагымдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттенишкен. Ал Кытай, Афганистан, Бутан, Индия, Непал, Пакистан, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстан мамлекеттери. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ 369 «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жонундо» Жарлыгын аткаруу учун «Перизат» мектепке чейинки билим беруу уюмунда «Ак илбирсти коргойбуз» аттуу сабак отулду. Балдар ак илбирс тууралуу кенири маалымат алды, ал кандай жаныбар? Кайда жашайт? Эмнеге окшош? деген суроолорго жооп алышты.
Комментарии