12 жылдык билим берүү: Алдыга кадам!
Азыркы учурда Кыргызстанда 4+5+2 түзүмдүк модели ишке ашырылууда, анда башталгыч мектепте окутуунун узактыгы 4 жылды түзсө, негизги жалпы билим берүү баскычында — 5 жыл жана 2 жыл жалпы орто билим берүүнү аяктоого бөлүнөт.
— Билим берүүдө эң жакшы натыйжаларга жетишкен өлкөлөрдөгү билим берүүнүн түзүмүн талдоо 6 жылдык башталгыч мектепке негизделген модель эң кеңири таралгандыгын көрсөттү. PISA-2022 боюнча алдыңкы 30га дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөр кирет (Түштүк-Чыгыш Азия; Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа; Түндүк Америка), анда башталгыч билим берүүнүн узактыгы 6 жыл, бул окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана негизги окуу көндүмдөрүн мыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул өлкөлөрдө окутуунун башталышы 5 жаштан 7 жашка чейин жана мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмү жана өнүгүү деңгээли менен байланыштуу. Эл аралык практикада орто жана жогорку баскычтардын узактыгынын катышы ар кандай варианттарда ишке ашырылат – 4+2, 5+1, 3+3, ал эми кээде жалпысынан 6 эмес, андан көп жылды түзөт. Бул коомдун демографиялык мүнөздөмөлөрүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээлине, билим берүүнүн белгилүү бир рынокторуна багыт алуу менен, ошондой эле башталгыч, орто же жогорку кесиптик билими бар окуучулардын жана студенттердин эмгек рыногуна чыгуусунун күтүлгөн ылдамдыгы менен мектепте профилдик/(алдын ала) кесиптик билим берүү агымдарын калыптандыруу качан башталгандыгына байланыштуу, — дейт КББАнын президенти.
Кыргызстан үчүн эң актуалдуу катары 12 жылдык мектептин моделин кароо сунушталууда (6+3+3), анда кошумча жыл окутуунун баштапкы баскычына киргизилет жана мектептик билим берүү системасына 6 жаштагы балдар тартылат. Мындай тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу, ошондой эле ар кандай мектепке чейинки даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жогорулатуу зарылдыгы менен аныкталат. — Мындай ыкманы ишке ашыруу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%ке жакынын камтыган мектепке даярдоо программасын (“Наристе” программасы, 480 саат) трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, бул 1-класста окутуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле 6 жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетет жана 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууну камсыз кылат, бул алардын жаш кезинен когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
— Билим берүүнүн бул баскычында айрым предметтер (математика, физика, тилдер) ар түрдүү класстардын окуучуларынын агымы түрүндө деңгээлдик негизде (негизги жана алдыңкы курстар) ишке ашырылышы мүмкүн. Төмөнкү деңгээлдеги жылдык программаны ийгиликтүү аяктаган учурда окуучу кийинки жылы жогорку деңгээлдеги программага өтүшү мүмкүн. 9-класста тандалма курстар алдын ала профилдик багыттын негизи катары киргизилет, алар кыска мөөнөттүү/модулдук жана кезектешүүчү мүнөзгө ээ, бул окуучуларга жогорку мектепте окутуунун багытын тандоого мүмкүндүк берет. Окуунун аягында окуучулар келечектеги билим берүү траекториясы жөнүндө чечим кабыл алууга жардам берүү үчүн кесипке багыт берүүчү тесттерди аткара алышат.
«2024-2025-окуу жылынан баштап жаңы билим берүү стандартына, программаларына өтүүнү пландаштырып, ага даярдыктар жүрүүдө. Быйыл жаңы система толук ишке кирбейт, кийинки жылга чейин даярдык иштери жүрөт. Былтыр жалпы мектеп курагына чейинки балдардын 26,4 пайызы бакчага барса, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 28,3 пайызы гана барганы Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланды. Бул 233 миңден ашуун бөбөк балдар бакчасына барууда дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын 150-160 миңдин тегерегиндеги балдар 1-класска келишет. Ага чейин алар түрдүү билим берүү программаларынан өтүп жатышат. Мисалы, бала бакчада мектепке даярдоочу тайпада даярданышат, ал эми дагы 100 миң бала 2015-жылдан бери «Наристе» программасында окушат. Демек, ортодо 1-класска окуй турган 25-30 миңдей бала мектепке эч даярдыгы жок барууда. Бул балдардын деңгээли үч түрдүү болуп калышын шарттоодо. Бул көрүнүштү жоюп, 6 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө окутуу максатында 1-класска кабыл алуу болжолдонуп жатат. Бул жарлыкта 5,5-7 жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепке даярдоо класстарына барышы керек. Жылдын аягында төрөлгөн балдар мектепке кабыл алынбай, кеч барып калбасын деп 5,5 жаштан баштап уруксат берилген. Биз эми 12 жылдык окуунун алкагында билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыга баштайбыз. Анда балдардын кайсы жаштан баштап мектепке, кайсы жаштан баштап бала бакчага барары так жазылат. Бала 6 жашка чейин бала бакчада тарбияланат, 6 жаштан кийин мектепке барат деген нормаларды киргизип жатабыз. Быйыл система жаңы киргендиктен бала бакчадагы мектепке даярдоо тайпалары мурункудай эле иштейт. Тайпадагы 6 жаштагы балдарды азыр «силер быйыл нөлүнчү класска барышыңар керек» деп чыгарууга болбойт. Анткени мектепке даярдоо программасы бала бакчада да, мектепте да бирдей эле өтөт. Толук түрдө 12 жылдык билим берүүгө өтүп, нормативдик актылар, мазмун, мамлекеттик стандарттар кабыл алынгандан кийин гана балдар бала бакчада 6 жашка чейин гана калтырылат», — деди Н.А. Касымова.
Комментарии