1-июнь — балдарды коргоонун Эл аралык куну кут болсун!
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнун “1-июнь Балдарды Эл аралык коргоо күнүнө карата даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө 30.05.2024-жылдагы №01-08-465 каты, райондук мамлекеттик администрациясынын 28.05.2024-ж № 151-б буйругун аткаруу максатында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата “Балдар биздин келечегибиз” аттуу майрамдык иш чарага ылайык Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркына майрам өтүүчү аянтчаны жасалгалоо учун тапшырма болунуп берилген. Анын негизинде тиешелуу жасалгалоо иштерин жургуздук.
Андан сырткары “1-июнь Балдарды Эл аралык коргоо күнүнө карата» «Перизат» мектепке чейинки билим беруу уюмунда «Асманы бурколбосун балалыктын» аттуу майрамдык балдардын оюн-зоок иш чарасы болуп отту. Тарбиячылар тарабынан балдардын оз онорлору келген ата-энелерге тартууланды. Музыкант тарабынан “Сыйкырдуу тустор” аттуу сурот конкурсун уюштуруп, балдардын шык-жондомун суротторду боео аркылуу ачып бере алды. Мыкты тусторду айкалыштыра алган бобокторго атайын диплом тапшырып, белектер менен кубантты.
Каргалык айыл окмоту тарабынан балдар учун даярдалган атайын белектер тапшырылды. Жетекчи, жамаат жана ата-энелер тарабынан балдарга куттуктоо создор айтылды.
Андан сырткары эн негизги белегибиз Макмалголд компани мекемеси тарабынан райондук бала бакчаларга балдардын майрамында ар кандай белектер берилди. «Перизат» бала бакчасына музыкалык колонка 2 микрофону менен белекке алдык. Чон ыраазычылык билдиребиз!
Комментарии