Наргиза биз сени менен сыймыктанабыз!

Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  Стратегиясында  көрсөтүлгөндөй  милдеттерди  жайылтуунун  алкагында  мектепке  чейинки  билим  берүү  уюмдарында  чыгармачылык  менен  изденип  эмгектенген   алдынкы  педагогдордун   кесиптик  тажрыйбаларын  жайылтуу  максатында  «Жылдын мыкты тарбиячысы-2024» республикалык конкурсунун райондук баскычы  болуп  өттү. Райондук  баскычка  «Перизат»  мектепке  чейинки  билим  берүү  уюмунан  тарбиячы  Замирбек  кызы  Наргиза  катышып, 2-орунду  багындырды.  Конкурска  жалпы  11  талапкер  катышып, өзүнүн  чыгармачылдыгы, изденүүчүлүгү, кесипкөйлүгүн  көрсөтүп, берилген  тапшырмаларды  тиешелүү  денгээлде  аткарып, калыстардын  баасына  татыды. Наргизага  мындан  аркы  иштерине  да  ийгиликтерди  каалайбыз!