Биз жөнүндө

Бала  бакча  жонундо  маалымат: «Перизат»  мектепке  чейинки  билим  беруу  уюму – Жалал-Абад  областынын  Тогуз-Торо  районуна  караштуу  Каргалык  айыл  аймагынын  Чет-Булак  айылында  жайгашкан.
2007-жылы  мектепте  «Байчечекей»  деген  ат  менен  3  сааттык  кенже курактагы  балдарга  бала  бакча  уюштурулган.  2007-жылдан  2013-жылга  чейин  орто  мектепте  Каргалык  айыл  окмоту  тарабынан  ар  кандай  жумшак  жана  катуу  оюнчуктар, эмеректер  менен каржыланып, кенже  курактагы  балдарды  топтоп  3  сааттык  бала  бакча  болуп  иштеп  келген. 2013-жылы  «Перизат»  мектепке  чейинки  билим  беруу  уюму  болуп, тиешелуу  укуктук  документтерге  ээ  болгон. 2013-жылы  Чет-Булак  айылында  “Айылдын  койгойлорун  коомчулук  менен  биргеликте  аныктоо”  деген  коомдук  угуу  отулуп,  айылдагы  2-6  жаштагы  балдардын  бала  бакчада  тарбия  алууга  шарттын  жоктугу, койгойу  аныкталган. 2013-жылы  ата-энелерден  тушкон  сунуштар, коомдун  талабына  ылайык  бала  бакча  ачуу  учун  имарат  изделип  убактылуу  үйдү  окмот  ижарага  алып  иш  башталган. 2014-жылы  үйдүн  ижара  акысына  байланыштуу  нааразычылыктан  башка  үйго  кочуп  иш  улантылган.
2013-жылы  Каргалык  айыл  окмотуно  элдин, коомчулуктун  атынан  бала  бакчага  муктаждык  келип  чыккандыктан  кайрылуу  жазылып, Окмот  учурдагы  имаратты  сатып  алып, капиталдык  ремонттон  откоруп, 2014-2015-жылы  ишке  берген.   Учурдагы  “Перизат”  бала  бакчасы бир  этаждан  туруп,  эки  тайпага  50  (элуу)  орунга  ылайык,  суусу  киргизилип, буткорулуп  берилген. Имарат паровое  отопление  менен  жылытылат. От  жагуучу  жайы  салынган. Тилекке  каршы  спорттук, музыкалык  зал  жана  медициналык  кабинет  жок.
Бала  бакча  типтуу  болбосо  да  заман  талабына  жооп  берип, тайпалар  керектуу  жабдыктар: кийим  чечуучу  шкафтар, сабак  окуучу  парта, стулдар, корсотмо  куралдар  коюлуучу  текчелер  менен  жабдылып, балдардын  жаш  озгочолугуно  жараша  жасалгаланган. Методикалык  окуу  куралдар оюнчуктар, таркатма  материалдар  менен  камсыз  болгон.Атайын  балдар  учун  чыгарылган  энциклопедиялар, жомок  китептери  бар. Ар  кандай  спорттук  оюндарды  ойноо  учун  каражаттар  алынган. Ар  бир  тайпада  видеокозомол  коюлган. Телевизор, ысык  суу, раковина, даараткана  орнотулган.   Ал  эми  бала  бакчанын  короосунда  балдар  ойноочу  аянтчалар, бак-дарактар да  бар. Орт  коопсуздугунун  алдын  алуу  учун  орнотулган  атайын   шаймандар  менен  жабдылган.  2018-жылы  дем  беруучу  гранттын  эсебинен  “Алтын  ороон”  ишканасы  тарабынан   балдарга  тамак-аш  жасоочу  ашкана  курулуп, ишке  берилген. Ашкана  тамак  бышыруучу  плита, идиш-аяк  коюлуучу  шкаф, холодильник, морозильник, идиш  жуучу  жай, столдор  менен  жабдылган.
Орт  коопсуздугунун  алдын  алуучу  атайын  щит  орнотулган. Керектуу  каражаттар  менен  толук  камсыздалган.
Тарбиялануучулар  жонундо:  Бала  бакчанын  имараты  бир  этаждан  туруп, 50  орунга  ылайыкташтырылган.  Бакчада  эки  тайпада  балдар  тарбияланат.  Учурда  46  бала  билим-тарбия  алууда.  Тарбиялануучулардын  жаш  курагы  2  жаштан  6 жашка  чейинкилер. Балдарды  бала  бакчага  кабыл  алууда  созсуз  турдо ден-соолугу  чын  экендигин  тастыктаган  диспансердик  баракча  ж.б. тиешелуу  документтер  талап  кылынат. Кабыл  алынган  сон  ата-эне  менен  биргеликте  3  тараптуу  келишимдин  негизинде  иш  алып  барылат. Тарбиялануучулар  жаш  озгочолукторуно  жараша  тайпаларга  болунуп  билим-тарбия  алат.Окутуу  тили- мамлекеттик  тилде  жургузулот.
Тузулгон  шарттар: Балдардын  тамак-ашын  даярдоочу ашкана  бар, ашкана  тамак  бышыруучу  жабдуу  менен  жабдылган. Имараттын  ичинде  ысык, муздак  суу  чыгарылып, балдарга  ылайык  даараткана  бар.  2  тайпада  телевизор  жана  ар  кандай  оюнчуктар  менен  камсыз  болуп,  сыртта  оюн  аянтчасы  тузулгон.
Каржылоо  булагы:  Бала  бакча  негизинен  жергиликтуу  бюджеттен  Каргалык  айыл  окмоту  тарабынан   каржыланат.
Санитардык козомол: Бала  бакчага  Санэпидемиологиялык  козомол  борборунан  атайын  жугушсуздандыруучу  каражаттар  болунот. Ал  каражаттар  менен  бардык  болмолор  санитардык талаптарга  ылайык  тазаланат.
Уюм  жетекчиси:  Апыкова  Аида  Чукуновна
Байланыш  тел: 0770508887