Ата-энелер сиздер үчүн маалымат

  1.  Бала   бакча   эртен   мененки  саат  8 00дөн  кечки саат  18 00 гө  чейин  иштейт.  Эртен  мененки  кабыл  алуу  саат  8 30 га  чейин  гана  жүргүзүлөт. Ал  эми  кыш  мезгилинде  830 дан  900 га  чейин  кабыл  алынат.
  1.  Бала   бакчага   баланы   ата-энеси   өзү   алып   келип,   тарбиячынын  колуна  тапшыруусу   керек.  Короого   киргизип  жиберген  балага  тарбиячы  жооп  бербейт.
  1. Эгерде   бала   ооруп    калса   же   бир   себептер   менен   бала   бакчага  келбей  калса, тарбиячыга  кабарлап  коюу  керек, бала  3 күндон  ашык  кабарсыз  келбей калса медициналык  тактама  тапшыруусу  зарыл.
  1. Баланы  таза, чачы  өспөгөн, тырмагы  алынган,  жуунуп – тазаланган  түрдө алып  келүү  керек,  жана  сезонго  жараша  бала  бакчада  дене  тарбия  сабагына,  көңүл  ачууларда  кийингендей  жеңил  бут  кийим  жана  шорта  футболкасы болуусу керек.
  1. Баланын орду ата-энеси эмгек өргүүгө чыкканда же бир топ убакытка алыс сапарга кеткенде ата-эненин арызы менен 2 ай мөөнөткө сакталат, андай арыз жазылбаса бала 2 айдан кийин бала бакчадан чыгарылып, келишим бузулат.
  2. Ата-энелер   бала   бакчанын  жалпы  чогулушуна,  ачык   сабактарга,семинар-кечелерге жана балдардын майрамдык көңүл ачууларына активдүү катышуусу керек.
  1. Балага өтө кымбат баалуу кийимдерди кийгизүүгө, алтын сөйкөлөрдү салууга болбойт, эгерде жоголсо тарбиячы жана жардамчы тарбиячы жооп бербейт.
  2. Ата-энебалага төлөнүүчү мүчөлүк акыларды ар бир айдын 10-числосунан кечикпей төлөөсү керек.
  1. Бала  бакчага  келген  баланы  ата-эне  өз  убагында  саат 18-00 дөн кечикпестен  алуулары керек, эгерде кечигип келсе, кароолчудан  алып  кетуусу  керек.
  1. Бала  бакчадагы  баланы  алууга 16 жашка толо элек  балдарды  жана мас  абалындагы  адамдарды  жиберүүгө  болбойт.     

 

 

                                                                        Бала  бакча  администрациясы.